Казакстандык жоокердин сөөгү 1,5 айдан кийин Кыргызстандан табылды

Казакстанда издөө иштери натыйжа берген эмес. Эки күн мурун Кыргызстанда койчу солдаттын формасын таап алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Аскердик мөөнөтүн өтөп жатып жоголуп кеткен казакстандык жоокердин сөөгү бир жарым айдан кийин Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Жамбыл облусундагы "Андас батыр" чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 18 жаштагы Улыкбек Бердишов 2-марттан бери дайынсыз болуп жаткан.
Казакстанда издөө иштери натыйжа берген эмес. Эки күн мурун Кыргызстанда койчу солдаттык форманы таап алган.
Көп өтпөй жоокердин сөөгү табылып, туугандары аркылуу ким экени такталган.
Агенттиктин жазганына караганда, баланын атасы уулу эки-үч күндө бир чалып сүйлөшүп турганын, ошондо дайыма акча сурап келгенин айтып берген.
Кыргыз-өзбек чек арасында көз жумган кыргызстандыктардын сөөгү өткөрүп берилди