БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы Казакстан чек арасына жүргүнчү ташыган автобустарды киргизбей жатышы боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин “Бишкек автобекетинин” директору чек ара ачылгандан кийин казак тарап жадагалса Россия, Өзбекстанга кетүүчү автобустарды дагы өткөрбөй жатканын билдирген.
Чек ара кызматы жүргүнчү ташыган автобустар Казакстандын аймагына тоскоолдуксуз каттай аларын белгиледи.
“Казак тарап бизге Россия менен Өзбекстанга өтө турган автобустардын транзит маселеси жакынкы күндөрү чечиле турганын маалымдады”, — деп билдирди Чек ара кызматы.
Ошондой эле бүгүн, 11-апрелде, Казакстан менен чектешкен “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрмө бекеттери автотранспорт каттамы үчүн ачылганы кошумчаланды.
Ошол эле учурда Казакстан Россия менен да автобус каттамдарын жандантып, бүгүн алгачкы жүргүнчүлөр Оренбургдан Актөбө шаарына келишкени белгилүү болду.