Калкты тейлөө борборлорунда 1-класстын ата-энелери өзүнчө тейленүүдө

Балдарын мектепке жана бакчага киргизем деген ата-энелерди тейлөө үчүн ар бир борбордо бирден кызматкер бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлорунда 1-класска жана бала бакчага барчу бөбөктүн ата-энелери үчүн өзүнчө кезек уюштурулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Балдарга тиешелүү иштерди бүтүрүүгө келген ата-энелерди тейлөө үчүн ар бир борбордо бирден кызматкер бөлүнгөнү белгиленет.
Министрлик Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментиндеги кызматтык 56 бош орунга сынак жарыяланганын эске салды. Бүгүн сынактын акыркы күнү, азырынча 26 киши өттү.
Ишке жаңы алынгандар Бишкек менен Оштогу Калкты тейлөө борборлоруна кезекти азайтууга бөлүнөт.
Ошондой эле министрлик мамлекеттер кызматтар аймактык башкаруу органдарына дагы өткөрүп берилгенин, жарандар ал жактан көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алса болорун эскертти.
1-класска электрондук каттоо сайты иштебей жатат. "Инфоком" себебин түшүндүрдү