1-класска электрондук каттоо сайты иштебей жатат. "Инфоком" себебин түшүндүрдү

Билим берүү министрлиги сайтты башка ишкана көзөмөлдөй турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Социалдык тармакта ата-энелер 1-класска электрондук каттоо сайты иштебей калгандыктан, балдарын каттай албай жатканын жазышууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы сайтты техникалык жактан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" ишканасы тейлей турганын айтып, ошол жакка кайрылууну өтүндү.
"Инфоком" ишканасынын маалымат кызматы каттоо саат 9:00дө башталганын айтып, бирок бир эле убакта сайтка көп киши киргендиктен, көтөрө албай сайттын иши үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Ишкана учурда адистер сайтты калыбына келтирүү боюнча иштеп жатканын айтып, бүгүн оңдолуп бүтөрүн билдирди. Бирок так убакыт-саатын айткан жок. Ошондой эле арыздар көп келип түшкөндүктөн, система улам үзгүлтүккө учурап турушу ыктымал экенин эскертти.
Белгилей кетсек, баланы 1-класска электрондук каттоо бүгүн, 11-апрелде, саат 9:00дө иштеп баштамак.
Көп эрежеси өзгөрдү. Баланы мектепке электрондук каттоо боюнча 5 суроого жооп