Мамлекет бир тыйын пенсия карыз эмес. Байсалов Соцфондго акча төлөөгө чакырды

Байсалов базарда отургандар, дыйкандар, мигранттар социалдык төлөмдөрдү төкпөй жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Социалдык фондго акча төкпөгөн жаранга мамлекет бир тыйын дагы карыз эместигин билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен айлык алган адамдар менен чоң завод, банк сыяктуу ишканалар гана социалдык төлөмдөрдү төгөт. Базарда отургандар, дыйкандар, мигранттар Соцфондго да, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да төлөбөй жатат.

"Медициналык, пенсиялык камсыздандыруу элементтери номиналдуу түрдө эле иштеп, баары республикалык бюджеттен болуп жатат да. Биз азыр төлөө шарттарын жеңилдетели деп жатабыз. Жыл аягына чейин ар бир адам ай сайын 500 сом төлөп эле пенсиялык полис ала тургандай шарт түзөлү деп жатабыз. Сен пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, карыганда көбүрөөк аласың. Эгер төлөбөсөң, пенсия сага кепил эмес. Жакыр болуп жашасаң пособие төлөнөт, болбосо мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп башташыбыз керек", — деди Байсалов.

Ошондой эле ал мындай түшүнүктү жайылтууда маалыматтык кампания жакшы жүрбөй жатканын кошумчалады.
Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштады