12-апрель күнү Бишкектин чок ортосунда суу болбойт

Бул күнү суу кампаларын жана суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Эртең, 12-апрель күнү, Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу болбой турганын мэрия билдирди.
"Бишкек суу канал" ишканасынын маалыматы боюнча, саат 9.00дөн 19.00гө чейин "Тоголок Молдо" суу кампасы жана шаардын суу түтүктөрү оңдолот.
Суу Панфилов, Фрунзе, Манас проспектиси жана темир жол менен чектешкен бөлүгүндө болбойт.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, суу алып коюуга чакырды.
Бишкектин кээ бир жолдору оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Тизме