Бишкекке бир жылдык 800 миң гүл отургузулат. Сүрөт

Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы клумбаларга бир жылдык 800 миң түп түркүн-түстүү гүл отургузулат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 4

Бишкек шаарындагы клумбаларга бир жылдык 800 миң түп түркүн-түстүү гүл отургузулат

2 / 4

Маалыматка караганда, учурда сальвия, тагетес, петуния жана башка гүлдөрдүн түрлөрү Жеңиш сейил багына, Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине, Малдыбаев көчөсүнө жана башка жерлерге тигиле баштады

3 / 4

Клумбалар улуттук орнамент, жылдыз, символикалык даталар сыяктуу композициялар менен толтурулат

4 / 4

Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырып, уурулук кылгандарды көргөндөр болсо милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.

Маалыматка караганда, учурда сальвия, тагетес, петуния жана башка гүлдөрдүн түрлөрү Жеңиш сейил багына, Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине, Малдыбаев көчөсүнө жана башка жерлерге тигиле баштады.
"Клумбалар улуттук орнамент, жылдыз, символикалык даталар сыяктуу композициялар менен толтурулат. Клумбалардын эскиздери "Бишкек жашыл чарбанын" ландшафттык дизайнерлери тарабынан түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырып, уурулук кылгандарды көргөндөр болсо милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.
Бишкекте жоогазындар гүл ача баштады. Сүрөттөр