БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармак аркылуу пенсиялык реформаны сындагандарга жооп берди.
Ал учурда долбоор катары гана сунушталып жатканын белгилеп, кабыл алынган чакта дагы беш жылдан кийин күчүнө кирерин жазган.
“Пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө кеп болуп атат. Максат ошондо. Кандайдыр бир пенсия жашын жогорулатуу чечими кабыл алынган жок. Долбоор да быша элек, талкуу гана. Чечим кабыл алынган күндө дагы ал өзгөрүүлөр 2028-жылы күчүнө кирет. Мамлекет болгондон кийин “эртең эмне болсо болсун, биз жакшы көрүнөлү” деген саясаттан алыспыз”, — деп жазган Байсалов.
Ал эми Twitter баракчасында ким иштеп Соцфондго акча төксө ошого пенсия берилсе адилеттүү болорун, азыр жарандарга калыс мамиле жасалбай жатканын билдирди. Ошондуктан пенсия төмөн экенин, болбосо азыркыдан беш эсе жогору болмоктугун белгиледи.