Баласын мектепке бере албай убара болгон ата-энелер көйгөйүн кантип чечет? Видео

Sputnik Кыргызстан агенттиги баласын мектепке каттай албай убара болуп, калкты тейлөө борборлорунда кезекте турган ата-энелер менен сүйлөштү. Ошондой эле системаны иштеп чыккан "Инфоком" ишканасынын адистерин кепке тарткан.
Sputnik
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда баланы 1-класска электрондук каттоо башталды. Бирок система ишке кирери менен толгон-токой көйгөй, чектөөлөр ата-энелерди убарага салып, нааразычылыгын жаратты.
Айрымдар система аларды "арыз ээси баланын энеси эмес" деп киргизбей жатканын айтса, кээ бири система такыр эле ачпай жатканын белгиледи. Мындан улам ата-энелердин көбү көйгөйүн чечүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна барып, ал жактарда узун кезек жаралган.
"Бизге кыйын эле болуп жатат. Жумуштан күйөөм суранып улам бизди ташууда. Биринчи системада "арыз ээси баланын энеси эмес" деп чыккан. Анан кайра "күбөлүк жараксыз" деп чыгып жатат", — деди кезекте турган ата-энелердин бири.
Дээрлик көпчүлүгү дал ушул себептерден улам баласын мектепке каттай албай коюшкан.
Бул чектөөлөр эмне себептен коюлганын билүү максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги электрондук системаны иштеп чыккан "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаевадан комментарий алды.
"Мурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр кагаз түрүндө гана берилип келген. Ал эми системанын толук кандуу автоматташтырылганына аз гана жыл болду. Мындан улам күбөлүктөр электрондоштурулбай калган дагы, азыр ата-эне менен баланын байланышы тууралуу маалымат чыкпай калууда. Бул көйгөйдү жоюу үчүн ата-эне калкты тейлөө борборлоруна барышы керек. Ал жактан кагаз түрүндөгү күбөлүк архивден көтөрүлүп, маалыматтары системага киргизилип, автоматташтырылат. Ата-эне менен баланын байланышы тастыкталган соң маалымат базага киргизилет", — деди ал.
Мындан тышкары, ал баланын жашына карата коюлган чектөөлөр алына баштаганы, мектептерге 1-2-этап менен кимдер каттала алары тууралуу маалымат берди.