Буга чейин Бишкекте жети жашар бөбөк сүннөткө отургузгандан кийин ооруканада чарчап калганы белгилүү болгон. Сүннөткө отургузула турган бала сөзсүз медициналык кароодон өтүп, текшерилиши керек.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев сүннөткө отургузуу ВИЧ-инфекциясы өңдүү жугуштуу оорулардан сактай турганын айтты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев
— Баланы сүннөткө отургузуунун максаты эмне, анын кандай пайдасы бар?
— Баланы сүннөткө отургузуу ыкмасы — азыркы убакта кеңири таралган хирургиялык операция. Бул медицина илиминде циркумцизия деп аталат. Ал эркек баланын жыныстык мүчөсүндөгү ашыкча терини алып салуу дегенди билдирет. Мунун пайдасы жана мааниси өтө чоң. Бул операция баланопостит, фимоз, баланит ооруларын алдын алат.
Сүннөткө отургузуу ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуудан да сактайт. Себеби эркектин жыныстык органынын уч жагындагы жумшак теринин ички бети жылуу, нымдуу чөйрө болгондуктан ВИЧ-инфекциясы менен сифилистин өсүп-өрчүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Ал эми сүннөткө отургузулган шартта ошол жумшак тери кесилип салынат да, ал балада кийин бул ооруларга кабылуу коркунучу салыштырмалуу азаят. Өз учурунда циркумцизия жыныстык органды ар кыл бактериялардан, инфекциялардан таза алып жүрүүгө да негиз түзөт.
— Канча жаштан сүннөткө отургузган туура?
— Баланы белгилүү бир жашка чейин сүннөткө отургузуу керек деген чек жок. Бирок 3-7 жашында отургузса абдан жакшы болот. Ал эми үч жашка чейинки балада кан уюган системасы өрчүй электигине байланыштуу бул куракта циркумцизия жасатуу сунушталбайт.
— Сүннөткө отургузарда бөбөктү психологиялык жактан кантип даярдоо керек?
— Кээ бир балдар өтө сезимтал. Ата-эне баланы сүннөткө отургузуу алдында аны сөзсүз психологиялык жактан даярдап, жаш курагына жараша маалымат берүү керек. Ошондой эле жыныстык мүчөсүнүн учун улам түрүп турушу абзел. Операциядан соң бала 3-4 күндө жакшы болуп калат.
— Наркоздун кайсы түрү берилет?
— Сүннөткө наркозсуз отургузууга болбойт. Бала психологиялык жаракат албашы үчүн ага жалпы наркоз (5-10 мүнөткө таасир этүүчү) берилет. Ал эми психологиялык жактан даяр, коркпогон балдарга операция жасалчу жердин айланасын ооруксунтпай турган дары сайылат.
— Лазердик жана хирургиялык ыкманын айырмасы барбы?
— Сүннөт операциясынын эки жолу бар. Биринчиси, кадимки скальпель менен кесилсе, экинчисинде электрокоагулятордун жардамы менен тери алынат. Электрокоагулятор менен кескенде кан кетпейт, тезирээк айыгат.
— Ата-эне баласын сүннөткө отургузарда ден соолугун текшертиши керекпи?
— Ооба, сөзсүз. Баланы алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүп (рентгенге тартып, жүрөгүн электрокардиограммадан өткөрүп, кандын уюшун текшерүү керек), оорулар байкала турган болсо дарылап алгандан кийин гана сүннөткө отургузуу сунушталат. Борбордук нерв системасы жабыркап, неврологго көрүнүп же сарык, гематология, гемофилия оорулары менен жабыркап жүргөн балага тийиштүү адистердин уруксаты менен гана операция жасалат.
— Кандай шартта сүннөткө отургузуу керек?
— Үй шартында жасаганга болбойт. Операция жасоочу шаймандар да стирилдүү болушу керек. Айыл жеринде аттуу-баштуу кишилерге жасатып, туура эмес отургузуп койгондор арбын. Бизге мындайлар көп келип жатышат. Бир топ жыл мурун баланы сүннөткө отургузуу үчүн хирургга кайрылгандар дээрлик аз болчу. Себеби ата-энелер молдо чакырып эле үйдөн отургузуп коюшчу. Алар баланын жыныс мүчөсүнүн башын, заара кылчу түтүктөрүн кесип салып, гипоспадия менен жабыркаган балдар кездешчү. Эгер терини көбүрөөк калтырып койсо парафимоз болуп эт өсүп, жыныс мүчөнүн башы жабылып калат.
Анан да сүннөткө отургузуу үчүн тааныш-билишке карабай балдар хирургуна алып баруу керек.
— Баланы сүннөткө отургузгандан кийин кандай кам көрүү зарыл?
— Бир-эки күн бастырбай төшөктө кармаган жакшы. Анткени тигилген жерлери ажырап кетип, канап, шишип кетиши мүмкүн. Экинчи-үчүнчү күндөрү марганцовканы мала кылып суу менен аралаштырып жууп, левомеколь сүйкөп коёт. Ал эми азыр эт менен эт болуп кете турган жип пайдаланылгандыктан ал алынбайт.
Айрым балдардын мүчөсү кичинекей же гипоспадия (заара чыгуучу жери тескери жайгашкан) болушу мүмкүн. Муну хирургиялык жол менен калыбына келтирүүгө болот.