БИШКЕК, 11-апр. – Sputnik. Азамат Кадыралиев өлкө башчынын протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Кадыралиев буга чейин Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде кеңешчи болуп эмгектенген.