Архитекторлор Бишкек курантынын тегерегин жакшыртууну сунуштады. Эскиздер

Маалыматта шаардыктар эс алып отура турчу шарттын жоктугунан улам транзиттик гана аймакка айланып калганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги "Бишкек почтамттын" аймагын жакшыртууну сунуштап жатат.
Бул жер борбор калаанын чок ортосунда, эл арасында "Бишкек куранты" деп аталып калган чоң сааттын алдында жайгашкан.
Маалыматта шаардыктар эс алып отура турчу шарттын жоктугунан улам транзиттик гана аймакка айланып калганы белгиленген.
Долбоорго ылайык, декоративдүү плиталар алмаштырылып, көчө инфраструктурасы (отургуч, чырак орнотулуп, жашылдандырылат) жакшыртылат.
Таластагы болочок "Атлах" музейинин эскиздери