Sputnik Бишкектеги жарыштын аксакал катышуучусуна белек тапшырды. Видео

Марафонго катышкан 85 жаштагы жөө күлүк Алик Исакеев жаштарды спортко үндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун редакциясы Бишкекте өткөн BakaiBank Jaz Demi-2022 массалык жарышынын эң улуу катышуучусуна сувенирлерди тапшырды.
Марафонго катышкан 85 жаштагы жөө күлүк Алик Исакеев жаштарды спортко үндөгөн.
Жарышка 3 миңден ашык адам катышып, 5, 10 жана 21 чакырымдарга чуркап, иш-чара жылдагыдай эле Бишкек — "Манас" аэропорту автожолунда өттү.
Марафонду Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштуруп, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ага расмий өнөктөш болгон.
Уюштуруучулар мелдештин жеңүүчүлөрү менен байге ээлери тууралуу маалымат бир аздан кийин берилерин айтышты.
Азаматтар! Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды