Бүгүн үч шаар менен 13 айылда шайлоо өтүп жатат

Шайлоолор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бүгүн, 10-апрелде, үч шаардык жана 13 айылдык кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Шайлоолор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында болууда.
Саат 8:00дө Токтогул, Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында жана 13 айылда 84 шайлоо участкасы ачылган.
Жалпы 336 мандатка 1 318 талапкер ат салышууда. Анын ичинен үч шаардык кеңеште 93 мандат каралган. Буга 13 партиядан 827 талапкер катталды.
13 айылдык кеңеште депутаттык мандаттын жалпы саны 243 болсо, анын 96сы аялдарга бөлүнгөн. Айылдык кеңешке депутат болууга 491 талапкер катталган, анын 160ы аял.
Шайлоочулардын жалпы саны — 157 958. Добуш берүү бүгүн саат кечки 20:00гө чейин созулат.
Шайлоочулар суроолор боюнча 1255 жана 119 кыска номерлерине байланышып, шайлоо участогун tizme.gov.kg сайтынан таба алат.
Жасалма диплом алууга шектелип жаткан эки депутаттын аты-жөнү аталды