БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путинди сындаган Германиянын канцлери Олаф Шольцко эли ышкырып, сүйлөтпөй нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу Russia Today Telegram каналы жазды.
Германиянын канцлери Любек шаарында сүйлөп жатып Россия президенти "өз өлкөсүнүн келечегин талкалап жатат" деген. Ал Украинага көбүрөөк курал-жарак жеткирүү керектигин кошумчалаган.
Мындан улам чогулгандар ышкырып, саясатчыга нааразычылыгын билдирген. Шольц аларды "каалашынча кыйкыра берсин" деген.
Буга чейин дагы канцлерге Эссен шаарында Россияга каршы санкциялар киргизилгендигине байланыштуу нааразычылык көрсөтүлгөн.