Жазгы маанайды көтөргөн күлүктөр. Бишкектеги жарыштан 15 сүрөт

Бишкекте BakaiBank Jaz Demi-2022 жарышы өттү. Спорттук иш-чаранын жүрүшү, катышуучулардын маанайын Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы тарткан сүрөттөрдөн көрө аласыздар.
Sputnik
Спорттук иш-чарага адаттагыдан көп адам катышып, бул ирет алардын саны 3 000ден ашты. Былтыр жарышта 2 500гө жакын адам чуркаган. Марафон Бишкек — "Манас" аэропорту автожолунда өтүп, автоунааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Жөө күлүктөр "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин алдына чогулуп, 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркады. Марафондо балдар үчүн Kid"s Run деп аталган жарыш да уюштурулуп, анда 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар чуркашты. Спорттук иш-чаранын эң улуу катышуучусу 85 жаштагы Алик Исакеевге Sputnik редакциясы сувенир тапшырды. Ал жаштарды ден соолукту бекемдеп, спорт менен машыгууга чакырган.
Жарышты Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган. Жарыштын жеңүүчүлөрү менен катышуучулардын тизмесин уюштуруучулар кийинчерээк сайтына жайгаштырат.
1 / 15

Бишкекте өткөн BakaiBank Jaz Demi-2022 жазгы жарышы. Катышуучуларга старт берилди.

2 / 15

Көчөнүн көркүн ачкан күлүктөр. Бул ирет спорттук иш-чарага адаттагыдан көп адам катышты.

3 / 15

Марафон Бишкек — "Манас" аэропорту автожолунда өттү

4 / 15

Бул күнү аба ырайы ачык болуп, спорт сүйүүчүлөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болду

5 / 15

Катышуучулар 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркады

6 / 15

чуркап келгенден кийин эс алып жаткан жигиттер

7 / 15

Жарыштын бир катышуучусу маанай көтөрүү үчүн "темир кишинин" костюмун кийип келген

8 / 15

85 жаштагы Алик Исакеев жарыштын эң улуу катышуучусу болду

9 / 15

Былтыр жарышка 2 500 адам катышкан

10 / 15

Марафондо 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар да чуркады

11 / 15

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери ар бир жарышка калбай катышат

12 / 15

Жарышты Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган

13 / 15

Марага жетип кубанган катышуучулар

14 / 15

Кыргызстандыктардын көбү марафонго балдарын да ала келген

15 / 15

Бул BakaiBank Jaz Demi-2022 жазгы жарышынан тагынган медаль