БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыска аралыкка көп айдалган автоунаалар тез бузулат. Бул тууралуу автоэксперт Павел Константинов "Прайм" порталына билдирген.
Эксперт 5-10 мүнөттүк жолго гана минип жүрүү автоунаалардын иштөө шартын оорлоштурат деп белгиледи.
"Айдоочу рулга отургандан кийин 10 мүнөттө жумушуна жетип, кайра өчүрүп кирип кетет. Мындай кыска аралыкка эртең менен жана кечинде айдайт. Бир гана дем алыш күндөрү унаанын ээси алыс жолго чыгып, мисалы, шаардын четине барып келиши мүмкүн", — деди Константинов.
Ошондой эле ал мындай режим автоунааны эксплуатациялоодо чыңалууну жарата турганын белгиледи.