Казакстанда буудайдын жетишсиздигинен тегирмендер ишин токтотууда

Ун ишканаларынын өкүлдөрү буудайдын кору болгону бир жарым жумага жетерин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Казакстанда буудай жетишсиз болуп, баасы өсүүдө. Мындан улам тегирмендердин жарымынан көбү аргасыздан ишин токтотту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.
Ун ишканаларынын өкүлдөрү буудайдын кору болгону бир-бир жарым жумага жетерлик гана калганын айтышкан. Андан кийин бардык тегирмендер жумушун белгисиз мөөнөткө чейин токтотот.
"2-3 жумадан бери дан сатып ала албай жатабыз. Сунуштагандар жок. Дандын бир тоннасынын баасы 142 миң теңгеден 160 миң теңгеге чыкканда да сатпай жатышат. Сырьену кымбат сатып алгандыктан, эми ундун да баасы көтөрүлөт", — деди Дан иштетүүчүлөр союзунун вице-президенти Талгатбек Алихан.
Мындан улам тегирименчилер Айыл чарба министрлигинен Казакстандан буудайды экспорттоого тыюу салууну жана анын корун инвентаризациялоону талап кылууда.
Буга чейин арзан буудай Россиядан алып келинген үчүн ички рынокто баалар кармалып турчу. Эми Россия дан азыктарын экспорттобой калгандан кийин тегирменчилер ишин токтото башташкан.
Эске салсак, Казакстан бийлиги ички рынокту коргоо максатында буудай менен унду экспорттого убактылуу чектөө киргизүүгө ниеттенип жатканы айтылган.
Казакстан 11-апрелден тарта чек арадагы чектөөлөрдү алат