Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия менен Италияда эл Россияны колдоп митингге чыкты. Видео

Чогулгандар колуна Россиянын желегин көтөрүп алышкан. Алар Европада орустарды дискриминациялоого да каршы чыгышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынын тургундары Россияны колдоп митингге чыкты. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы билдирди.
Чогулгандар колуна Россиянын желегин көтөрүп алышкан. Алар Европада орустарды дискриминациялоого да каршы чыгышууда.
Россияны колдогон ушундай эле акция Римде (Италия) да өттү. RT жазгандай, эл Европадагы русофобияга каршы экенин билдирип, РФ желеги менен плакаттарды көтөрүп алышкан.
Буга чейин интернетте италиялыктар арасында #notinmyname хештэги вирус болуп тараган. Тургундар Украинага курал жеткирүүгө каршы постторду жазышууда.
Немецтер Путинди сындаган Шольцко нааразы болуп сүйлөтпөй коюшту