Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

11-апрелге караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 11-апрелде, республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл аймагында +20...+25, Теңир-Тоодо +19...+24 градус жылуу болору болжолдонду.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +25...+27, Ошто +30...+32 градуска чейин ысык болот.
Күн катуу ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы