Жашынан карысына чейин... Бишкекте 3 000дей киши катышкан жарыштын видеосу

Кыргызстанда үч миңден ашык адам катышкан жарыш өтүп, ага 3 жаштагы баладан 85 жашка чейинки аксакалга чейин катышты. Биз спорттук иш-чара кандай өткөнүн тасмага түшүрдүк.
Sputnik
Бүгүн, 10-апрелде, Бишкекте жыл сайын өтүүчү BakaiBank Jaz Demi-2022 жарышы болду. Спорттук иш-чарага адаттагыдан көп адам катышып, бул ирет алардын саны 3 000ден ашты. Марафон Бишкек — "Манас" аэропорту автожолунда өттү.
Жөө күлүктөр 5, 10 жана 21 чакырымга чуркады. Марафондо балдар үчүн Kid"s Run деп аталган жарыш да уюштурулуп, анда 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар катышты.
Спорттук иш-чаранын эң улуу катышуучусу 85 жаштагы Алик Исакеевге Sputnik редакциясы сувенир тапшырды. Ал жаштарды ден соолукту бекемдеп, спорт менен машыгууга чакырды.
Жарышты Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган. Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу спорттук иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү болду.
Жарыштын жеңүүчүлөрү менен катышуучулардын тизмесин уюштуруучулар кийинчерээк сайтына жайгаштырат.
Sputnik Бишкектеги жарыштын аксакал катышуучусуна белек тапшырды. Видео