Телефон уурдап, баңгизат саткан онлайн-дүкөндөр менен иштешкен. Шектүү кармалды

Милициянын маалыматында шектүү уурдалган телефонго Telegram тиркемесин көчүрүп, баңгизаттарды жашыруу боюнча интернет-дүкөндөр менен иштешип келгени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте телефон уурдоого шектелген А.Р. аттуу кишини кармоо учурунда жанынан баңгизат табылды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 26-февралда саат 21:30дар чамасында болгон. Шектүү соода түйүндөрдүн биринен сатуучунун кассасынан 26 миң сомдук Хaiomi үлгүсүндөгү уюлдук телефонду уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Кармалган кишинин курткасынын чөнтөгүнөн Хaiomi телефонунан сырткары өзгөчө жыты бар зат алынган. Андан аркы териштирүүдө шектүү уурдалган телефонго Telegram тиркемесин көчүрүп, баңгизаттарды сатуу, бир жактарга катып бекитүү боюнча интернет-дүкөндөр менен иштешип келгени белгилүү болду. Ошондой эле кароонун жүрүшүндө Семипалатинск көчөсүндөгү тосмонун кирпичинен 0,302 грамм A-PVP психотроптук зат табылды", — деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча дагы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен иш козголгон.
Учурда шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Бишкекте батирлерди тоноого шектелип казакстандыктар кармалды. Видео