Бишкекте президенттин атын жамынып 44 миң доллар алган киши кармалды

Жабырланган тараптын айтымында, "А" аттуу киши президент менен түз байланышы бар экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте президент менен байланышым бар деп шаар тургунунан 44 миң доллар алып из суутуп кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Шектүү
Билдирмеге караганда, милицияга А.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Жабырланган тараптын айтымында, "А" аттуу киши президент менен түз байланышы бар экенин айтып, "Сары-Өзөн" базарынан чоң жер участогун алабыз деп 44 миң доллар сураган. Акчаны алган соң убадасын аткарбай, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Тергөө иштеринен кийин кылмышка шектелип 30 жаштагы А.А аттуу адам кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Милиция алдамчылардан жабыркагандар же алар тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар 0 505 55-15-85, 0 557 13-91-39, 0 312 43-28-15 жана 102 телефондоруна чалса болорун белгиледи.
УКМК кызматкеримин деп 300 миң сом талап кылган шектүү кармалды. Сүрөт