БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Концептуалдык сүрөтчү Ив Кляйндын калемине таандык "Материалдык эмес сүрөттү сезүү зонасы" эмгеги Sotheby's аукционунда 850 миң еврого сатылды. Бул тууралуу "Ридус" басылмасы жазды.
Ал эмнеси менен өзгөчө десеңиз, сүрөт көрүнбөйт. Сүрөтчү 1958-жылы Парижде "Боштук" көргөзмөсүн өткөргөн. Анда бош бөлмөдө "көрүнбөгөн чыгармалар" коюлган. Аларды сатып алгысы келген киши акысын алтын куймалары менен төлөшү керек эле. Кызыгы, сүрөтчү алтынды Сена дарыясына ыргытып жиберип, ал эми сатып алуучу алган квитанциясын өрттөп салышы керек эле.
Бул аукционго дал ошол аман калган бир квитанция "көрүнбөгөн сүрөткө" далил катары коюлду. Баштапкы баасы 250 миң долларды түздү. Адистердин айтымында, мындай учурда искусство сүйүүчүлөрү кымбат жана кооз буюм үчүн эмес, укмуштуудай окуянын бир бөлүгү болуш үчүн акча төлөшөт.