Министр ар бир кыргызстандыкты бирден бак отургузууга чакырды

Бак отургузуу иштери. Архив
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, элдин саламаттыгын, айлана-чөйрөнү, деги эле өлкөбүздүн жаратылыш ресурстарын сактоо максатында "2022-жыл —тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо" жылы деп жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги ар бир кыргызстандыкты көчөт отургузууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, өткөн аптада "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагындагы "Бир жарандан – бир көчөт" экологиялык акциясы өткөн. Негизги максат — мөңгүлөрдү сактап калуунун бирден-бир жолу жашыл мейкиндикти көбөйтүү.

"Быйыл былтыркыдан дагы эки эсе көп көчөт отургузуу максатыбыз бар. Жаратылыш ата-бабаларыбыздан калган байлык эмес, бул биздин келечектеги урпактарыбызга өткөрүп берчү ресурс. Андыктан ар бириңерди экологияны жакшыртууга салым кошууга чакырам", — деди айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Белгилей кетсек, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, элдин саламаттыгын, айлана-чөйрөнү, деги эле өлкөбүздүн жаратылыш ресурстарын сактоо максатында "2022-жыл — тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо" жылы деп жарыяланган.
Бак тигип жаткан жарандар. Архив
Бак тигип, вакцина алып кетиңиз. Министрлик бүгүн элди "Ынтымакка" чакырды