Жекшембиге карата аба ырайы

10-апрелге караган түнү Баткенден башка аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрелде Чүй, Нарын, Ысык-Көлдүн айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Талас жергесинде +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17...+22 жана Нарын аймагында +17...+22 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25...+27, Ошто +28...+30 градуска жетет.
Эки чокуну багындырышат. ӨКМ куткаруучулары тоо шартында машыгууда. Сүрөт