Роскомнадзор YouTube тармагынан Мамдуманын каналын ачып коюуну талап кылды

Роскомнадзор мамлекеттик органдын YouTube-каналын жабуу маалыматтын жайылышына жана ага эркин кирүүгө тоскоол экенин баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Роскомнадзор YouTube тармагынан Мамлекеттик думанын каналын ачып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналы билдирди.

"Роскомнадзор YouTube интернет сервисине ээлик кылган америкалык Google LLC компаниясынан видеохостингдеги дума телеканалына кирүү мүмкүнчүлүгүн тез арада калыбына келтирүүнү жана чектөөлөрдүн себебин түшүндүрүүнү талап кылды", — деп жазылат кабарда.

Роскомнадзор мамлекеттик органдын YouTube-каналын жабуу маалыматтын жайылышына жана ага эркин кирүүгө тоскоол экенин баса белгиледи.
"Америкалык IT-компания Батыш биздин өлкөгө каршы ачкан маалыматтык согушта ачыктан-ачык Россияга каршы позицияны карманат. Видеохостинг россиялык расмий маалымат булактарын басмырлоочу фейктерди таратуунун негизги платформасы болуп калды", — деди мекемеден.
Ал ортодо Sputnik радиосу Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин төрагасы Андрей Клишаска шилтеме берип, видеохостинг өлкөнүн мыйзамдарын бузганы үчүн Россияда бөгөт коюлушу мүмкүн деп жазды.
Мария Захарова: YouTube өзүнө өкүм чыгарды