Кыргызстан өзбек килемине ири кардар бойдон калууда. Быйыл канча сатып алдык?

Өткөн жылы бул өлкө жалпысынан 18 мамлекетке 42 миллион долларлык килем экспорттогон. Алардын арасынан дагы Кыргызстан эң ири кардар позициясында турган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өзбекстан быйылкы жылдын баштапкы эки айында дээрлик 4,2 миллион долларга килем экспорттоду. Товардын бул түрүн эң көп көлөмдө сатып алгандардын сап башында Кыргызстан турарын өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, бул айлар ичинде Кыргызстан өзбек килеминин жарымынан көбүн, тагыраак айтканда, 2,3 миллион долларга сатып алган. Экинчи орунда 744 миң доллар менен Азербайжан турат.
Андан соң Россия 470 миңге, Афганистан 254 миңге, Казакстан 141 миң, ал эми АКШ 128 миң долларга килем алган. Калган мамлекеттерге кеткен товарлардын акчасы 100 миң доллардан төмөн.
Былтыр бул өлкө жалпысынан 18 мамлекетке 42 миллион долларлык килем экспорттогон. Алардын арасынан дагы Кыргызстан эң ири кардар позициясында турган.
Өзбекстанда жүндү жана жибекти кайра иштетүүгө басым жасалып, килем токуу боюнча жабдууларды сатып алууга төмөн пайыз менен насыялар берилүүдө. Ошондой эле салыктар жагынан жеңилдиктер каралып келет.
Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизүүгө ниеттенип жатат