Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мизинцев: Украина жай тургундарды жапырт ууландыра турган чагым уюштурду

Украиналык улутчулдар заводду жардырып, Авдеевка шаарындагы элди ууландырууга белсенип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Украин аскерлери Авдеевка шаарындагы коксохимикалык заводундагы химикаттар сакталган жерди миналашты. Бул туурасында Россиянын Коргонуу башкармалыгы улуттук борборунун жетекчиси Михаил Мизинцев билдиргенин РИА Новости жазды.

"Улутчулдук топтогу согушкерлер ал райондо жашаган тургундарды уулуу химиялык заттар менен жапырт ууландырып, адамдык касиетке сыйгыс чагымчылдык уюштурууга толугу менен даярданышкан", — деди Мизинцев.

Анын айтымында, улутчулдар шаарга россиялык аскерлердин кирип келиши менен заводдун кампасын жардырууга белсенип турушат.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
25-мартка карата россиялык аскерлер негизги тапшырмасынын биринчи этабын аткарып бүтүп, Украинадагы аскердик потенциалын азайткан. Россиянын башкы максаты Донбассты бошотуу болгону айтылып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Изюмдун жашоочуларына аскер дарыгерлер көрсөткөн медициналык жардам. Видео