БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Сауд Арабия чет элдиктер үчүн эки жылдан бери токтоп турган ажылык сапарга барууга уруксат берип, зыяратчылардын санын миллионго чейин көбөйттү. Бул тууралуу өкмөттүк Saudi Press Agency порталы билдирди.
2020-жылдын башынан бери Сауд Арабия коронавирустун жайылышынан улам ажылыкка баргандардын санын кыскартып, катаал чектөөлөрдү киргизген. Пандемиянын биринчи жылында миңге чукул гана зыяратчы катыша алган. Ал эми 2021-жылы алардын саны 60 миңге көбөйтүлгөн.
Ошол эле учурда чет элдик зыяратчыларга бир нече талаптар коюлган. Бул ирет ажылык сапарга барууга 65 жашка чейинки адамдарга гана уруксат берилет. Ошондой эле коронавируска каршы эмделген болушу шарт. Сауд Арабиянын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү керек.
2022-жылкы ажылык сапарды 7-12-июль күндөрү уюштуруу пландалууда.