БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруучулары тоо шартында тажрыйбасын арттырып жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Кызматкерлер бийик аскаларга чыгып-түшүү, жабыркаган кишилерди куткаруу, издөө жана башка атайын даярдыктардан өтүүдө.
Ошондой эле машыгуудан кийин бийиктиги болжол 4 000 метр "Рацек" жана 4 500 метр болгон "Учитель" чокусун багындырышат.
Машыгуулар жана даярдыктар Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында өтүүдө. Иш-чара 15-апрелге чейин созулмакчы.