Мария Захарова: YouTube өзүнө өкүм чыгарды

Google Мамлекеттик думанын YouTube каналын жаап салган. Бирок парламент буга даяр болуп, башка платформаларды иштеп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. YouTube өзүнө-өзү өкүм чыгарды. Мындай билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram-баракчасына жазды.
"Контенттерди сактап, аны россиялык платформаларга тезирээк өткөрүп алгыла", — деди ал.
Буга чейин Мамлекеттик думанын Telegram-каналы Google Duma TV YouTube-каналын жаап салганын билдирген. Парламент буга даяр болуп, башка платформаларды иштеп чыкканы кошумчалаган.
Роскомнадзор мекемесинде барган сайын Google видеоплатформасына дооматтар көбүрөөк жарала баштады. Тактап айтканда, видеохостинг россиялык ЖМКлардын (мамлекеттик жана көз карандысыз), коомдук ишмерлердин, спорт клубдарынын, оюн-зоок жана маалыматтык-аналитикалык ресурстардын каналдарын жаап келет.
Буга чейин 36 аккаунтка чектөөлөр алынган эмес (RT, Russia 24, Sputnik, Звезда, РБК, НТВ жана башкалар). YouTube эрежелерин жаңыртып, Россиянын Украинадагы атайын операциясына ар кандай колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына бөгөт коюуларын айткан.
Буга жооп катары Роскомнадзор 7-апрелде Россиянын мыйзамдарын көп бузгандыгы үчүн Google жарнамаларын жана компаниянын маалымат ресурстарын жайылтууга тыюу салган. Бул чаралар Google Search, Google Play, YouTube, YouTube Music, Google Chat жана Gmail'ге колдонулат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Бучадагы провокация — санкция жарыялоого шылтоо