БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги 2022-2023-окуу жылдарына карата Россия ТИМинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) кабыл алуу башталгандыгын жарыялады.
Бакалавриат жана магистратура программалары боюнча кыргыз жарандарынын документтерин кабыл алуу 11-апрелден 20-майга чейин жүргүзүлөт. Конкурстук тандоого Кыргызстандын атуулдары гана катыша алат.
КР ТИМи сунуш кылган талапкерлер Москвага барып орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт. Андан өткөндөр эл аралык мамилелер, эл аралык экономикалык мамилелер, эл аралык укуктук факультеттерин тандай алышат.
МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен КР ТИМнин www.mfa.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Сынакка катышууга каттоо онлайн режиминде ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт. www.dipacademy.kg. Документтерди тапшыруу оффлайн форматында болот.
Байланыш номерлери: 0312 62 14 21, 0312 66 01 85.