Эдил Байсалов БУУ өкүлүнө КРдеги адам укуктары тууралуу айтып берди

Байсалов Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында эл аралык коомчулуктун жетилген мүчөсүнө айланып, укуктук жана демократиялык мамлекетти курууда чоң жолду басып өткөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевага болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевага болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту
Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында эл аралык коомчулуктун жетилген мүчөсүнө айланып, укуктук жана демократиялык мамлекетти курууда чоң жолду басып өткөн.
"Элибиз адилетсиздикке чыдабай, эркиндикти материалдык баалуулуктардан жогору коёт. Биздин күрөштүн натыйжасында өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө жетише алдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда демократиялык жана толук легитимдүү бийлик түзүлүп, ал саясатын басымдуу көпчүлүктүн колдоосунда жүргүзүп келет. Бул демократия", — деди Байсалов.
Ал эми Мишель Бачелет Кыргызстанда адам укуктарын камсыз кылуу механизмдерин жана кепилдиктерин прогрессивдүү бекемдөөгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Атап айтканда, Акыйкатчы институтунун статусун жогорулатуу жана анын ишмердигинин көз карандысыздыгына кепилдиктерди күчөтүү боюнча министрлер кабинетинин демилгесин колдоого алды.
Европа жана Жакынкы Чыгыш. Бийлик эмгек мигранттарына жаңы багыттарды издөөдө