Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу лабораториялар ачылды. Сүрөт

Республика боюнча 10 ПЦР-лабораториясын куруу пландалууда. Учурда бешөө ишке киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Чүй облусунун үч районунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
1 / 2

Чүй облусунун үч районунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды

2 / 2

Аталган лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын "COVID-19дун алдында ыкчам жардам" долбоорунун алкагында Ысык-Ата, Сокулук жана Жайыл райондорунда ишке киргизилген

Аталган лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын "COVID-19дун алдында ыкчам жардам" долбоорунун алкагында Ысык-Ата, Сокулук жана Жайыл райондорунда ишке киргизилген.
"Республика боюнча 10 ПЦР-лабораториясын куруу пландалууда. Азыркы учурда беш лаборатория салынып бүттү. Кийинчерээк бул жайларда коронавирустан сырткары башка инфекцияларды (грипп, кызылча, кызамык, гепатит жана башка) дагы ПЦР ыкмасы менен аныктоо жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Бул лабораториялар ILAB маалыматтык системасына кошулган. Анын артыкчылыгы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасына туташтырылып, техникалык каталарды жоёт. Система өзү бейтаптын паспорттук маалыматтарын көрсөтүп берет. Дагы бир ыңгайлуулугу ПЦР-анализдин жыйынтыгын аралыктан эле алып кагазга басып чыгартып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Мындан сырткары, лабораториядагы маалыматтар "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине кошулган.
Ачылыш аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун Оорулардын алдын алуу департаментинин лабораториялык кызматынын жетекчиси Айгүл Жумаканова жана Райондор аралык санэпидкөзөмөл борборунун жетекчилиги катышкан.
Бишкектеги Тез жардам ооруканасында жаңы бөлүмдөр ачылды. Сүрөт