Европа жана Жакынкы Чыгыш. Бийлик эмгек мигранттарына жаңы багыттарды издөөдө

Эл аралык миграция уюму Кыргызстандын миграциялык саясатты өнүктүрүүдөгү демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар үчүн Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эмгек миграциясынын жаңы багыттарын ачуу маселеси каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино менен жолугушуусунда сөз болду.
Өкмөттөн билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташууну, анын ичинде эл аралык миграциялык саясат чөйрөсүнө, адам сатууга каршы күрөшкө тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Байсалов кыргыз жарандарынын эмгек миграциясынын географиясын кеңейтүү маселесине токтолду. Атап айтканда, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө мигранттарды жиберүү боюнча сөз кылды.
Ал эми Виторино Кыргызстандын миграциялык саясатты өнүктүрүүдөгү демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Айдарбеков Россия элчиси менен жолугуп, автоунаа каттамын ачууну сунуштады