Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи Антонов: АКШ менен РФ түздөн-түз аскердик тирешүүгө өтүшү мүмкүн

Элчи Украинанын аймагына жеткирилген ар кандай курал-жарактар менен аскердик техникалар Россия аскерлеринин мыйзамдуу бутасы болуп саналарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда Батыш өлкөлөрүнүн аракеттери кооптуу жана чагымчыл экенин, алар Россия менен АКШнын ортосунда түз аскерий тирешүүгө алып келиши мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу Newsweek басылмасы жазды.
"Батыш мамлекеттери азыркы окуяларга түздөн-түз тиешеси бар, анткени алар Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен камсыздап, муну менен кан төгүүнү козутууда", — деди Антонов.
Ошондой эле ал мындай аракеттер коркунучтуу жана чагымчыл экенин эскертип, Россия ага ар дайым каршы деп билдирди.
"АКШ менен Россия аскердик тирешүүгө өтүшү мүмкүн", — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, элчи Украинанын аймагына жеткирилген ар кандай курал-жарактар менен аскердик техникалар Россия аскерлеринин бутасы болуп саналарын кошумчалады.
РФ ТИМи: НАТО Киевдин режимине көз жумууда