Жасалма диплом алууга шектелип жаткан эки депутаттын аты-жөнү аталды

Мыйзам боюнча, жогорку билими тууралуу диплому жок жарандар Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжанов ("Альянс" фракциясы) жасалма диплом алууга шектелүүдө. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКга аталган депутаттар тууралуу маалымат УКМКдан келип түшкөн. Буга байланыштуу аларды мандатынан ажыратуу маселеси каралат.
Мыйзам боюнча, жогорку билими тууралуу диплому жок жарандар Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин үч депутаты жасалма диплом жана кош жарандуулукка шектелип жатканын билдирген.
Диплом текшергенден кийин 40 кызматкер иштен кетти. Учурда кимдер шектелүүдө?