БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кубаттуулугу 1000 мегаватты түзгөн ири күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Бишкекте "Келечектеги жеткиликтүү жана туруктуу энергия жолунда КРдин энергетикалык секторун трансформациялоо" деп аталган эл аралык форум өтүп жатат.
"Форумдун алкагында Ысык-Көл облусуна кубаттуулугу 1000 мегаватты түзгөн күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Кыргыз тараптан энергетика министри Доскул Бекмурзаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Энергетикалык консорциум компанияларынан Жао Жанганг (CPID компания) жана Гу Хейюн (CR20G компаниясы) катышты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн дагы бир жерине 260 мегаваттык күн жана гидроэлектростанциясын куруу тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандуму түзүлдү. Бул документке Бекмурзаев менен испаниялык Ecoener энергетикалык компаниясынын өкүлү Рикардо Томас Геррьеро кол койгон.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы ири электростанция аталган Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт.