БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эсептик ченди жогорулатуу менен сомдук депозиттердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
10-мартта Улуттук банктын эсептик ставкасы (Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген акчанын пайызы) 10дон 14 пайызга чейин жогорулады. Инфляцияны ооздуктоо үчүн ставка көтөрүлөт, бирок ошол эле учурда экономикалык активдүүлүк төмөндөйт. Анткени кредиттердин пайызы өсөт (адатта, депозиттер дагы жогорулайт). Өткөн жылдын апрелинен тарта карасак, эсептик ставка эки эсеге — 6,5 пайыздан 14 пайызга чейин жогорулаган.
Башкы банк эсептик чендин жардамы менен рыноктук чендерге таасирин тийгизип, ошону менен бирге сактык же керектөө үчүн белгилүү бир шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Эсептик ченге басым жасоо менен банктар кийинчерээк калк жана экономикалык агенттер үчүн депозиттердин наркын жөнгө салышат.
"Эсептик ченди көтөрүү менен Улуттук банк сомдук депозиттердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, муну менен калкты акчасын улуттук валютада сактоого түрткү берип жатат. Азыркы шартта мындай аракеттер олку-солкулукту азайтууга жана валюта рыногунда туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бир катар банктарында кредиттер боюнча да, депозиттер боюнча да тарифтер өсө баштады.