БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусунда курула турган мамлекеттик "Атлах" тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин эскизин көрсөттү.
Сынакка жалпы жонунан сегиз долбоор түшкөн. Комиссиянын чечими менен "Асмат" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды. Башкы архитектор М. Абдылдаев, архитекторлор К. Турдакунов менен К. Бекбосун экени белгиленди.
Жобого ылайык, сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом алат. Бирок долбоорду комиссиянын сунуштарын эске алуу менен соңуна чыгарат.
Атлах шаары 751-жылы ага жакын жерде "Талас салгылашуусу" (урандылары Талас облусундагы Покровка айылынын түндүк тарабында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан) болгондугу менен таанымал.
Араб халифаты менен карлуктар чырдашып, бийлик үчүн күрөшкөн. Тан империясы аймакта бийлигин бекемдөөнү кааласа, халифат Орто Азияны өзүнүн аймагы катары эсептеген. Карлуктар уйгурлар тарабынан Семиречьеге сүрүп чыгарылып, ошол жерде отурукташып калган. Алгач алар Кытай армиясына жардам берсе, кийин арабдардын тарабына өтүп кетип кармаштын жыйынтыгын чечип коюшкан.
Окуянын жүрүшү: эки армия тең төрт күн бою Талас дарыясынан өтө албай бири-биринин каршы тарабында тура беришкен. Карлуктар арабдарга кошулуп кетип ишти чечишкен. Бешинчи күнү карлуктар Кытай армиясынын тылына кол салса, аларды арабдар колдоп кеткен. Арабдар менен карлуктар канча адам жоготкону белгисиз. Кытайлыктар 50 миң адамынан айрылып, 20 миңи туткунга түшкөн. Натыйжада Кытай армиясы Орто Азиянын чек арасында дээрлик 1000 жылдай пайда болгон эмес (жуңгарлар кыйрап, Синьцзян түзүлгөнгө чейин). Кийин арабдар артка чегинип, карлуктар Семиречьедеги бийлигин бекемдеген.