Собянин: Москвада азыр 300 миңдей вакансия бар

Мэр бир катар компаниялар ишин токтоткондугун билдирген соң, шаарда 200 миңдей жумушчу тобокелчилик зонасында калганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Санкциялардан улам ишмердүүлүгүн токтоткон компаниялардын жумушчуларына Москва 300 миңдей вакансия сунуштоого даяр. Бул тууралуу Россиянын борбор калаа башчысы Сергей Собянин билдиргенин "Москва24" басылмасы жазды.
Мэрдин айтымында, бир катар компаниялар ишин токтоткондугун билдирген соң, шаарда 200 миңдей жумушчу тобокелчилик зонасында калган.
"Сыягы, бул ишканалар жакын арада ишин жандантпайт. Ага карабай учурда Москвада 300 миңден ашык вакансия бар. Жумушун токтоткон ишканаларда иштеген жумушчулардын көбү шаардагы ишканаларга керек. Маселен, соода, транспорт, IT, консалтинг, камсыздандыруу, каржы жаатындагы адистер", — деген мэр.
Калаа башчы айрымдары квалификациясын жогорулатышы керектигин айтып, бул максатта "Техноград" инновациялык-билим берүү комплексинде атайын байланыш телефону иштеп жатканын белгиледи.
"Бул жакка ар бир адам чалып, өзүнүн форматын, профилин тандап, консультация алып, жөндөмүнө жараша жумуш таба алат", — деген Собянин.
Мэр "Техноградда" бир гана кесипкөй окутуучулар эмес, өзүнүн форматына жараша окуткан компания өкүлдөрү да иштээрин кошумчалаган. Ишкана өкүлдөрү окуусун аяктаган бардык каалоочуларды жумушка чакырат.
IT тармагынын кайсы адистери канча каражат таап жатат. Иликтөө