Мирзиёев Жапаровду “Кумтөрдү” Кыргызстандын менчигине алышы менен куттуктады

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Кумтөрдүн” макамы боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Мындан сырткары, мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги иштер боюнча пикир алышкан.
Жапаров Баткен облусуна эки орто мектеп куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирген.
Аны менен катар Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним артты.
Мамлекет башчы 26-27-майда Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын президенти өзү катышарын күтүп жатканын белгилеген.
Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.
Кумтөр жана чек араларды ачуу. Жапаров менен Токаев телефондон сүйлөштү