Радио

Бакиров: Кыргызстанда геологиялык карта түзүлбөй калды

Улуттук илимдер академиясынын академиги, геология-минералогия илимдеринин доктору Апас Бакиров карта түзүү геологиянын пайдубалын түзгөндүктөн ага чоң маани берилиши керектигин айтты.
Sputnik
Жаңы өзгөрүүлөрдү карап, ар 10 жылда өлкөнүн геологиялык картасы түзүлүп, жаңыланып турушу зарыл. Бул тууралуу Апас Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, геологияда карта түзүү, чалгындоо, изилдөө иштери токтоп, ачылыштар болбой калды.
"Кыргызстан кен байлыктарга бай өлкө. Андыктан геология илими өлкөдө абдан маанилүү тармактардын бири. Бирок алгылыктуу колдоо болбогондуктан иш жай жүрүүдө. Биз советтик мезгилде болжолдонуп, ошол маалда изилденген кендерди казып жатабыз. Мисалы, геологиялык карта түзүлбөй калды. 10 жыл сайын карта түзүлүп, ал жаңыланып турушу абзел. Карта түзүү — геологиянын фундаменти. Картага жаңы идеялар, өзгөрүүлөр кошулуп турушу керек. Геология илиминде технология тез өнүгүп, жаңы жабдыктар изилдөө иштерин жеңилдетти. Бирок биздин окумуштуулар каражаттын жоктугунан эски приборлор менен иш алып барууда", — деди Бакиров.
Ошондой эле адис Кыргызстандагы геологиялык изилдөөлөр эл аралык уюмдардын колдоосу менен гана ишке ашып жаткандыгын кошумчалады.