БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" ишканасынын иши кандай өзгөргөнүн башкы директордун орун басары Абдес Анарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" ишканасынын иши кандай өзгөргөнүн башкы директордун орун басары Абдес Анарбеков
Ал былтыр ишкананын жетекчиси болуп Азамат Сакиев келгенин эске салды.
"Анын жетекчилиги алдында чыгымды кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча чоң иш жасалууда. Ошондой эле санариптештирүү иштери жүрүп жатат. Бардык станцияларда акчасыз эсептешүү, электрондук эсеп-фактура, онлайн-ККМ киргизилүүдө. Мындан сырткары, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетектөөчүлүк курамы кыскарды. Бул бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, чыгымды азайтуу максатында жасалды", — деди Анарбеков.
Ошондой эле анын айтымында, ишкана ортомчуларды аралаштырбай, өндүрүшчүлөр менен түз иштешкенге аракет кылууда.
"Маселен, биз Россиянын "Алтайвагон" деген ири заводунан 100 жарым вагон алганы турабыз. Тендер өткөрдүк, келишим түздүк, азыр 50 вагон келди. Калганы апрелдин этегинде жиберилет", — деди ишкананын жетекчисинин орун басары.
Ал белгилегендей, "Кыргыз темир жолу" кирешенин 50 пайызын мамлекеттин бюджетине багыттап келген. Азыр бул каражат ишкананын өзүндө калууда, себеби Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун бүткөрүп, техника алуу керек.