БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Калкты жана турак жайды каттоону 23-апрелден 2-майга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев калкты жана турак жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын отурумун өткөргөн.
Жыйында Улуттук статистика комитети эл каттоонун биринчи этабын жүргүзгөнү белгиленген.
"4-6-апрелге чейинки каттоодо 1216 номери аркылуу "Тынымсыз байланышка", ЖМК жана социалдык тармак аркылуу 800 жаран кайрылган. Жалпы 2000ден ашуун кайрылуу катталган", — деген комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.
Ал кайрылгандар ар кандай себеп менен каттоого алынбай калгандыктан иш-чараны кайра жүргүзүүнү талап кылганын кошумчалады.
Арзыбек Кожошев эл каттоонун негизги максаты элдин так жана чыныгы саны тууралуу маалымат топтоо экенин айтты.
Өлкөнүн алыскы аймактарында калкты каттоо 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт. Ушул эле күндөрү биринчи каттоодо эсепке алынбагандар кошулат.
Каттодон өтпөй калгандардын арызы 1216 номериндеги "Тынымсыз байланыш" аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле WhatsApp (0502 159 815, 0999 183 020) менен байланышууга болот.