Радио

Батракеева: ЖРТнын максаты — абитуриенттердин жөндөмүн аныктоо

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева жалпы республикалык тестирлөөнүн максаты баланын окууга болгон жөндөмүн аныктоо экенин айтты.
Sputnik
Жалпы республикалык тестирлөөдө балдар сүрдөп, шашып же толкунданганы кадимки эле көрүнүш. Негизи ар бир экзамен, эл алдына чыгып сүйлөө — стресс. Менимче, окууга тапшырарда мурдагыдай үч суроодон турган билет алып мугалимге оозеки жооп бергенге караганда, өзүңө окшогон балдар менен отуруп алып 150 суроого үч жарым сааттын ичинде жазуу түрүндө жооп берген алда канча жеңил. Андыктан ЖРТга баланы психологиялык жактан даярдоого мектепте атайын убакыт бөлүүнүн кереги жок. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖРТда башынан чындап жакшы окуган балдар гана эң жогорку балл алат.
"Жалпы республикалык тестирлөөнү биз 21 жылдан бери өткөрүп келебиз. Анын максаты жогорку окуу жайларда окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган, жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо болуп эсептелет. Андыктан ЖРТ бүтүрүүчүнүн билим деңгээлин аныктабайт. Кыргызстан чакан өлкө болгону менен ар бир аймактагы мектептердин билим берүү деңгээли ар кандай. Мисалы, айрым жерлерде мугалимдер жетишпейт, алардын деңгээли ар башка, окуу китептеринин жетишсиздиги сыяктуу айырмачылыктар бар. Жадагалса Бишкек шаарындагы гимназия менен шаардык макамдагы мектептердин окуучуларынын билим деңгээли ар кандай болууда. Алгач ЖРТ системасы киргизилип жатканда ушул маселелер айтылган эле. Эгерде тест окуучунун бир гана билим деңгээлин аныктай турган болсо анда борбор, чоң шаарлардагы эле балдар жогорку балл алып калмак. Ошондуктан баланын социалдык абалы жана окуган мектебинин шартына карабастан ЖРТ бүтүрүүчүнүн дүйнө таанымын, жөндөмүн баалайт. Андан тышкары, бизде жакшы жана начар окуган баланын ортосундагы градация так эмес. Мисалы, мектептеги "бешке" окуган бала жаттама, коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн көтөрмөлөнгөн же, тилекке каршы, "кимдир бирөөнүн" баласы болгону үчүн дагы "беш" алышы мүмкүн. Демек, "бешке" окуган балдар ар кандай болот. Ошентип айрым жакшы окуган балдар ЖРТдан төмөн балл алып калып жатат. Ал эми кээ бир "үчкө" окуган, бирок билгенин турмушта колдоно билген, сабакты окубаганы менен "мээси иштеген" окуучулар болот. Алар ЖРТда жакшы балл топтогонун көрүп жүрөбүз", — деди Батракеева.
Ал ЖРТнын суроолору жыл сайын жаңыланып, тестология илиминин негизинде түзүлөрүн кошумчалады.