Индияда сөөгү жерге берилген киши эртеси үйүнө "кайтып келди"

55 жаштагы Мурти аттуу киши Тируппур шаарына кант камышын тазалоого кеткенден кийин үй-бүлөсү менен бир нече күн бою байланышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Индиянын Тамилнад штатынын тургуну сөөгү жерге берилди деген күндүн эртеси үйүнө келди. Бул тууралуу Kaumudi басылмасына таянып "Известия" жазды.
Билдирмеге караганда, 55 жаштагы Мурти аттуу киши Тируппур шаарына кант камышын тазалоого кеткен. Үй-бүлөсү аны менен бир нече күнгө чейин байланыша албай коюшкан.

"Туугандарынын бири анын сөөгү автобустун аялдамасында табылганын айтып, Муртинин уулу жерине барып атасын тааныган. Полиция анын сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берген. Жакындары кишини акыркы сапарга узатып, сөөгүн жерге берген күндүн эртеси Мурти тирүү бойдон үйүнө келген", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми сөөгү жерге берилген кишинин ким экендигин аныктоо үчүн полиция иликтөө иштерин баштаганы кошумчаланды.
Индия: жигитинин сырын билип калган кыз тоюнда турмушка чыгуудан баш тартты