ДССУ коронавирустун жаңы штаммы жайыла баштаганын айтты. Кооптуулугу канчалык?

ДССУ адистеринин изилдөөлөрүнө караганда, жаңы штаммдын жугуштуулугу буга чейин чыккан “омикронго” салыштырмалуу 10 пайызга жогору болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун XE деп аталган жаңы штаммы жайыла баштаганын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
ДССУ адистеринин изилдөөлөрүнө караганда, жаңы штаммдын жугуштуулугу буга чейин чыккан көрүнбөс “омикронго” салыштырмалуу 10 пайызга жогору болушу мүмкүн. Аны алгачкылардан болуп Улуу Британиянын окумуштуулары таап чыккан.
Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизов жакында эле аныкталган XE штаммы супер уникалдуу жана өтө жугуштуу болбошу деле мүмкүн экенин айтууда. Андыктан ал коронавирус кайрадан күч алат деп паникага алдырБоого чакырды.
Кытайдын түштүгүндө "омикрондун" жаңы түрү аныкталды