"Манас" аэропортунда жардыруучу каражат тууралуу маалыматтан улам рейс кармалды

"Аэрофлот" авиакомпаниясынын рейси бир жарым саатка кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Манас" аэропортунда багажда жардыруучу каражат бар деген маалыматтан улам рейс токтотулду. Бул тууралуу аталган аба майдандан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аэропорттун байланыш номерине телефон чалуу түшүп, жүргүнчүлөрдүн биринин багажында жардыруучу каражат бар экени тууралуу кабарланган.
"Тийиштүү кызматтар жүргүнчүлөрдү, багаждарды жана колго көтөрүп жүргөн баштыктарды текшерип чыгышты. Бирок эч нерсе табылган жок. Ушул окуядан улам Москвага багыт алган "Аэрофлот" авиакомпаниясынын рейси кармалып калды", — деп айтылат релизде.
Саат 16:55те абага көтөрүлө турган самолет саат 18:20да учуп кеткен.
"Манаска” конгон учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты